
"Чет элдик агент" мыйзамын алга сүрөгөн өлкөлөр
Москванын таасири
Орусиянын үлгүсүндөгү “чет элдик агенттер” мыйзамы соңку жылдары бир нече өлкөдө сунушталды. Жакында Кыргызстан жана Грузия буга окшош мыйзамды кабыл алса, Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасында (Српска) сунушталган окшош документ кокустан артка чакыртылды. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун балкан кызматынын кабарчысы Горан Катич беш өлкөдөгү сөз болгон мыйзамдарды талдап чыкты.
Москва чет жактардан каржыланган жарандык коом өкүлдөрүн жана бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агент” деп эсептейт жана муну көз карандысыз медианы басуу, саясий оппозицияны жок кылуу үчүн колдонуп келатат.
Андай мыйзамдын таасири Орусиянын сыртында да сезилүүдө.
Грузия жана Кыргызстан өңдүү мурдагы советтик жумурияттарда акыркы эки ай ичинде бейөкмөт уюмдарды чектеген мыйзамдар кабыл алынды.
Грузияда бир жыл мурун митинг, демонстрациялардан кийин мыйзамды жактыруу аракетинен майнап чыкпай калган эле. Бирок башкаруудагы партия бир нече жумадан бери уланып келаткан нааразылык акцияларына карабай, үстүбүздөгү айда документти парламентте кабыл алып, керек болсо президенттин ветосун дагы жокко чыгарды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров апрелдин башында ушундай мыйзамга кол койгон.
Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб жумурияты (Республика Српска) Орусиянын үлгүсүндөгү “чет элдик агент” мыйзамын кабыл алууну көздөп жатканы соңку бир нече айдан бери кызуу талкууга жем таштап келген эле. Бул өңдүү укуктук ченемдердин демилгелениши коомдук олку-солкуга, бейөкмөт уюмдардын каршылыгына, эл аралык сынга жана нааразылык акцияларына себепкер болгон.
Европа Биримдиги үчүн да демократияга каршы келген мындай мыйзам өзүнчө маселе болуп калды. Былтыр декабрда Венгрияда “Суверенитет тууралуу акт” кабыл алынса, эми кошуна Словакия да ушундай кадамга барууну караштырууда.
Орусия 2012-жылы эле мыйзамдарга түзөтүү киргизгенде биринчи болуп “чет элдик агент” деген терминди колдонгон.
Ага ылайык, сырттан акча алган, саясий чечимдерди кабыл алуучу кишилерге таасир этүүгө аракеттенген жана коомдук пикирди козгогон бейөкмөт уюмдар дал ушундай аталат.
Орусияда “Свобода” радиосу чет элдик агенттердин тизмесине 2017-жылы киргизилген. Февралда “Эркин Европа/Азаттык” радиосун Орусиянын бийлиги “жагымсыз уюм” деп таануу менен анын ишине тыюу салды. Ошентип, бул радионун журналисттерин, аны менен кызматташкан донорлорду жана башка кишилерди кылмыш жазасына тартууга өбөлгө түзүлдү.
01 / 05
1
Серб жумуриятындагы "чет элдик агент" мыйзамы
Бейөкмөт уюмдардын реестри жана ишмердигин ачык жүргүзүү тууралуу мыйзам долбоору Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб жумуриятынын парламентинде май айынын акыркы аптасында талкууланат деп күтүлүп жаткан. Бирок 28-майда бул жумурияттын вице-премьер-министри жана юстиция министри Милош Букейлович документти артка чакыртып алды. Ал мыйзам долбоору эмне себептен талкуудан алынганын түшүндүргөн жок.
Сунушталган долбоор “чет өлкөнүн таасириндеги агент” деген түшүнүккө аныктама берет, бейөкмөт уюмдарды сырттан каржыланган учурларды маалымдап турууга жана атайын катталууга милдеттендирет.
Кайсы бир уюм “жумурияттын бүтүндүгүнө” шек келтирет деп табылса, аны мыйзамсыз деп атоого жол ачылат.
Босния жана Герцеговинадагы коммерциялык эмес уюмдардын ишине көз салуу вазийпасы Юстиция министрлигине жүктөлмөкчү. Серб жумуриятынын орусиячыл президент Милорад Додик башкарган коалициясы долбоор АКШнын FARA (Чет өлкөлүк агенттердин каттоосу тууралуу акт) мыйзамына негизделгенин айтканы менен, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун иликтөөсү орусиялык мыйзам менен окшоштуктар көбүрөөк экенин аныктаган.
Парламент сессиясына эки күн калганда 46 уюм жана жеке адамдар депутаттарга кайрылып, документти колдобоого чакырышты.
Мыйзам долбоору иштелип чыкканда эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), Евробиримдиктин Босния жана Герцеговинадагы өкүлчүлүгү жана АКШнын Сараеводогу элчилиги жана башкалар ага каршы экенин билдиришкен.
“Чек арасыз кабарчылар” уюму да мыйзамды парламенттин кароосуна алып чыкпоого үндөгөн.
Өткөн жылы Серб жумуриятынын бийликтеги партиялары эркин маалымат каражаттарына басым-кысымын күчөткөн.
Былтыркы августта Кылмыш кодексине киргизилген алымча-кошумчаларга ылайык, жалаа жабуу үчүн кылмыш жообуна тартуу беренеси киргизилген. Эл аралык коомчулук бул жарандардын өз пикирин эркин билдирүү укугуна шек келтирерин эскертип келишти. Өкмөт жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорунун үстүнөн да иштеп жатат. Бирок ал документтин чоо жайы дээрлик белгисиз.
2
Грузиядагы жаңы аракет
Тбилисиде жана өлкөнүн башка жерлеринде “Орусияныкы” деген мыйзамга каршы нааразылык акциялары бир нече жумага созулганына карабай, грузин парламенти 14-майда “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамды жактырды.
Өткөн жылдын мартында катуу каршылыктан улам документти кабыл алуу жараяны токтоп калган. Быйыл документ дээрлик өзгөртүүсүз кайра сунуш кылынды. Бирок “чет өлкөнүн таасириндеги агент” термини “башка мамлекеттин кызыкчылыктарын көздөгөн уюм” деп алмаштырылган. Алардын катарына каржылоосунун кеминде 20 процентин тыш жактан алган маалымат каражаттары менен бейөкмөт уюмдар кирет. Ар бир жылдын башында алар Юстиция министрлигине финансылык декларациясын тапшырып турууга тийиш. Декларацияда акчанын булагы, көлөмү жана кандай максатта түшкөнү жазылышы керек.
Министрликке бейөкмөт уюмдар секторун, медианын ишин көзөмөлдөө үчүн кеңири жана так аныкталбаган ыйгарымдар берилген. Алар Грузиянын башка мыйзамдарында корголгон жарандардын жеке маалыматтарын да ала алышат.
Мыйзамды бузгандар 8 миң евродон ашкан айып пулга жыгылышы ыктымал.
“Грузин кыялы” партиясы башкарган өкмөт мыйзам бейөкмөт уюмдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыздоону жана саясий сахнада “сырт өлкөлөрдүн кыянат таасирин” алдын алууну максат кыларын айтып келет.
Еврошаркет мыйзамды кабыл алуу Грузиянын уюмга интеграциялашуусуна таасир этерин эскерткен. Financial Times гезити жазгандай, мыйзам жактырылса, өлкөнүн шаркетке кошулуу жөнүндөгү арызын кароо убактылуу токтотулушу ыктымал.
Вашингтон дагы документтин жактырылышына каршылыгын айтып келди. Мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Жеймс О'Брайен депутаттар добуш берер алдында парламент мыйзам долбоорун кабыл алса, Вашингтон менен Тбилисинин алакаларына залакасы тийерин эскерткен.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 18-майда мыйзамга вето койгону менен, башкаруудагы партия парламентте көпчүлүккө ээ болгондуктан, 28-майда аны жокко чыгара алды.
Бийлик нааразылык акцияларын суу бүркүп, жаш агызган газ жана желим ок менен басууда.
3
Кыргызстандагы “орус мыйзамынын көчүрмөсү”
Жогорку Кеңеш 14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар” тууралуу мыйзамга түзөтүүлөрдү кабыл алып, 2-апрелде президент Садыр Жапаров ага кол койгон. Өзгөртүүлөргө ылайык, чет жактан каржы алган жана саясий ишмердик менен алектенген бейөкмөт уюмдар “чет өлкөнүн өкүлү” деп таанылат. Саясий ишмердик мамлекеттик институттарга жана коомдук пикирге таасир этүү катары бааланмакчы.
Андай уюмдарда жыл сайын финансылык аудит жүрүзүлүп, кызматкерлер жана алардын эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтар бийликке берилип турууга тийиш. Ишмердиги жана кирешеси тууралуу маалыматты бийликке гана жөнөтпөстөн, медиага же социалдык тармактарга жарыялап турууга милдеттүү болмокчу.
Мыйзамды аткарбаган уюмдардын ишине алты айга чейин тыюу салынышы, мамлекеттик реестрден чыгарылышы мүмкүн. Бул алардын иш жүзүндө мыйзамсыз болуп калышына алып келет.
"Адилет" укук клиникасы Factcheck.kg сайты менен биргелешип анализдеп чыгып, мыйзамдын көп жерлери Орусияныкынан көчүрүлгөнүн аныкташкан. Бийликчил депутат Надира Нарматова жана дагы бир нече эл өкүлү мындан 10 жыл мурун ушул сыяктуу мыйзам долбоорун өткөрүүгө аракет кылган.
Парламенттин 30дан ашуун депутаты 2022-жылы кайрадан долбоорду киргизди.
4
Венгриядагы "суверенитетти коргоо"
Венгрия Еврошаркеттин мүчөсү болгону менен, Орусиянын “чет элдик агент” мыйзамын көчүрүүгө аракет көрүүдө.
Улутчул премьер-министр Виктор Орбан жетектеген бийлик былтыр декабрда “Улуттук суверенитетти коргоо” мыйзамын кабыл алган.
Мыйзамда ыйгарым укуктары кеңири болгон “Суверенитетти коргоо башкармалыгын” түзүү каралган. Анын юрисдикциясына сырттан каржыланган уюмдардын саясий ишмердигине байкоо жүргүзүү кирет.
Жобону бузгандар кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн.
Февралда Европа комиссиясы документ шаркеттин мыйзамдарында бекитилген бир топ укуктарга төп келбейт деген бүтүмдөн кийин атайын текшерүү башталган.
Акыр аягында мажар өкмөтү Евробиримдиктин эрежелерин сакташы керек болчудай.
Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы “Суверенитетти коргоо башкармалыгын” түзүү мыйзамды каалагандай жана саясий максатта колдонууга жол ачарын эскертти.
2017-жылы эле Венгрия чет өлкөлөрдөн каржыланган уюмдары бутага алган мыйзамды жактырган. Бирок Европа соту ал мажар жарандарынын укуктарын бузат деп чечкенден кийин 2020-жылы жокко чыгарылган.
5
Словакия бийлигинин бутасындагы “чет жактар колдогон” уюмдар
Венгриядан үлгү алып, кошуна Словакиянын парламенти жаңы премьер Роберт Фицо бийликке келгенден кийин ошондой мыйзам кабыл алуу багытында иштерди баштаган.
Апрелдин соңунда ал биринчи окууда жактырылды. Документте айтылгандай, жылына сырттан 5 миң евродон кем эмес акча алган уюмдар “чет өлкө колдогон уюм” деп саналат. Ошондой уюмдар донорлор жана насыячылар тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилет. Ички иштер министрлиги мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөп турмакчы. Аны бузгандар айып пулга жыгылышы же жоюлушу ыктымал.
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун Словакиядагы кеңсеси билдиргендей, мыйзам жактырылса, бул “жарандык коомго түздөн түз чабуул” жана бейөкмөт уюмдарга “бюрократиялык жана финансылык жүк” болуп калмакчы.
Европа кеңешинин адам укуктары боюнча комиссары Майкл О'Флаэрти словак парламентиндеги көпчүлүккө жолдогон катында мыйзам европалык стандарттарга жооп бербесин билдирген.
Материалды даярдоого Кубат Касымбеков жана Натия Замбахидзе салым кошту.